Орусиядагы популярдуу «Дождь» телеканалы, питерлик «Фонтанка.Ру», «ЗагС» басылмалары менен «Эхо Москвы» радиосунун сайттарына хакердик чабуул болду. Мындай чабуулга Forbes.ru сайты да кабылды. «Сеттеги момолойлор» деп аталган уюм жогорудагы медиалардын сайтын 9-майдын “урматына” иштен чыгарганын моюнуна алды.