Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Кыргызстан Европа өнүктүрүү банкынан кредит алды


Европа өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен Стамбулда өткөн жолугушууда биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев үч кредиттик макулдашууларга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, берилген каражаттар Кант жана Талас шаарларын таза суу менен камсыз кылууга жана Бишкекте таштандыларды кайра иштетүү боюнча долбоорго жумшалмакчы.

Европа өнүктрүү банкы бул макулдашуулардын негизинде берип жаткан кредиттин суммасы жалпысынан канча экени белгисиз, бирок Бишкектеги долбоорго 22 миллион евро бөлүнгөнү буга чейин кабарланган. Бул акча калаанын таштанды маселесин толук чечет деп күтүлүп жатат.

Европанын өнүктүрүү банкынын бул күндөрү Стамбулда өтүп жаткан жыйынына 64 мамлекеттик өкүлдөрү катышып жатат. Кыргызстандан биринчи вице-премьер Оторбаевден сырткары каржы министри Ольга Лаврова да катышып жатат. (TTo)

XS
SM
MD
LG