Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Ошто «Георгий тасмасы» акциясы уланууда


Ош шаарында Жеңиш майрамынын 68 жылдыгына карата уюштурулган «Георгий тасмасы» акциясы уланып жатканын «Азаттыкка» Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлжан Ажиматова билдирди.

Анын айтымында, калаадагы унаалардын айдоочуларына, такси кызматын аткаргандарга 9-майга жакын Жеңиш майрамынын белгиси болгон "Георгий тасмасы" акысыз таратылган. Айдоочулар аны автоунааларына тагып жүрүшөт. Акция 15-майга чейин уланат.

Андан сырткары шаардык мэриянын жаштар иштери боюнча комитетитинин кызматкерлери согуш ардагерлеринин эски сүрөттөрүн топтоп, 15-май күнү сүрөт көргөзмөсүн уюштурууга камынып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG