Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Ошто милициянын жаңы бөлүмчөсү ачылды


Ош шаарына караштуу Жапалак айылында заманбап милиция бөлүмчөсү ачылды. Эки кабаттуу, 11 бөлмөдөн турган имарат өткөн жылдын апрелинде курула баштаган. Аны бүтүрүүгө өкмөттөн 12 миң сом каражат сарпталганын ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Буга чейин аталган аймакты эки участкалык милиция кызматкери тескеген. Мындан ары жаңы ачылган бөлүмчөдө 15 кызматкер ошол жердеги тартипке көз салат. Жапалак айылында 27 миңдей жашоочу бар. (SE)

XS
SM
MD
LG