Экстремисттердин кол салууларына жана коркутууларына карабай бийликтер добуш берүү убактысын мурда мерчемделгенден бир саатка узартышты. Шайлоо комиссиясынын өкүлү Иштиак Ахмед бекеттер жабылгандан кийин Исламабаддагы басма сөз жыйынында буларды айтты:
- Кудайдын жана мамлекеттин бардык институттарынын жардамы менен Пакистандын шайлоо комиссиясы өлкөдө добуш берүүнү адилет жана эркин өткөрүү боюнча баштапкы милдетти аткарды.
Талибандын Пакистандагы бөлүмү шайлоону исламга каршы деп мүнөздөп, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратарын эскерткен.
Шайлоо бекеттери ачылгандан көп өтпөй эле Карачи шаарындагы бомба жарылуудан кеминде 10 адам өлүп, бир нечеси жаракат алды.
Хайбер –Пактунхва провинциясынын борбору – Пешевар шаарында аял шайлоочуларды бутага алган эки жардыруудан 22 киши жарадар болду.
Ал эми уруулар жашаган жана Талибандын таянычы катары саналган Түндүк Вазирстан аймагында мечиттердеги үн күчөткүчтөр аркылуу аялдарга шайлоо бекеттерине барбоо, үйүнө чыкпоо эскертилген.
Пакистандыктар бүгүн 342 депутаттан турган Улуттук ассамблеяны жана Хайбер –Пактунхва, Пенжаб, Синд, Белучистан провинцияларында жергиликтүү парламенттер үчүн добуш беришти.
Бүгүн шайлоонун натыйжасында Пакистандын көз карандысыздыгынгын 66 жылдык тарыхында бир жарандык өкмөт экинчисине бийликти шайлоо жолу менен алгач ирет өткөрүп бермекчи.
Парламенттеги орундардын көбүн мурдагы премьер-министр Навази Шарифтин Мусулман Лигасы – Н партиясы алары күтүлүүдө. Ал эми бийлик мөөнөтү аяктаган өкмөттү башкарган Пакистан Элдик партиясынан шайлоочулардын көңүлү калгандай.