Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Түркия: Сирияга жакын шаарчадагы жарылуудан 18 киши каза тапты


Кош жарылуу бүгүн Сирия чек арасына жакын Рейханли шаарчасында болду.

“Анадолу” жаңылыктар агенттиги өлкөнүн ички иштер министри Мухаммед Гүлөргө шилтеме жасап кабарлагандай, кош жарылуудан 18 киши каза тапкандан тышкары, 22 адам жаракат алган.

Бомба салынган унаанын алгачкысы шаарчанын муниципиалдык имаратынын бет маңдайында, экинчиси шаарчадагы почта кеңсесинин жанында жарылган. Жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Расмий Анкара Сирия президенти Башар Асаддын режиминин аракеттерин кескин сындоо менен оппозицияга колдоо көргөзүп келет. Өлкө аймагын Сириянын өкмөткө каршы козголоңчулары өз операциялары үчүн логистикалык база иретинде пайдалануусуна мүмкүндүк берген.

XS
SM
MD
LG