Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Пакистанда парламенттик шайлоонун добуштары саналууда


Тарыхый деп аталган шайлоо кечээ өткөн. Анын баштапкы бейрасмий жыйынтыктарына караганда, мурдагы премьер-министр Навази Шарифтин оппозициядагы Мусулман лигасы жана мурдагы крикет жылдызы Имран Хандын “Техриик-и-Инсаф” же "Адилеттик үчүн" партиялары алдыда баратат. Ал эми азыркы коалициядагы Пакистан Элдик жана Авами Улуттук партиялары олуттуу жоготууга учурачудай.

Экстремисттердин кол салууларына жана коркутууларына карабай бийликтер кечээ добуш берүү убактысын мурда мерчемделгенден бир саатка узартышты.

Шайлоо комиссиясынын өкүлү Иштиак Ахмед бекеттер жабылгандан кийин Исламабаддагы басма сөз жыйында:

- Кудайдын жана мамлекеттин бардык институттарынын жардамы менен Пакистандын шайлоо комиссиясы өлкөдө добуш берүүнү адилет жана эркин өткөрүү боюнча баштапкы милдетти аткарды.

"Талибандын" Пакистандагы бөлүмү шайлоону исламга каршы деп мүнөздөп, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратарын эскерткен. Шайлоо күнкү кыянатчылактардан кеминде 20дай кишинин өмүрү кыйылды.

Кечээги парламенттик шайлоонун натыйжасында Пакистандын көз карандысыздыгынын 66 жылдык тарыхында бир жарандык өкмөт экинчисине бийликти шайлоо жолу менен алгач ирет өткөрүп бермекчи. (UE)

XS
SM
MD
LG