40 кишинин өмүрү кыйылып, 100дөн ашууну жаракат алган кош жарылуу ишембиде Сирия чек арасына жакын Рейханли шаарчасында болду.
Түрк өкмөт башчысынын орун басары Бүлөнт Арынч алар бул үчүн Сирия президенти Башар Асадга жан тарткан согушкерлерден шек санап жатышканын айтып, окуя кылдат иликтенерин белгиледи. Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы Түркия өзүн коргоо үчүн зарыл чаралардын баарын көрөрүн, Түркиянын кубатын сыноого эч ким аракеттенбеш керектигин эскертти.
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өзү болсо жардыруулардын Түркиянын күрд согушкерлери менен өз жаңжалына байланышы болушу мүмкүндүгүнө, бирок ага Сирия бийлигинин да катышы бар деген шек саноо жаралып жатанына токтолду:
- Сирия менен чек арадагы Хатай провинциясы абдан сезимтал маселе. Бүгүнкү аракеттер ошол нерсени козутуу үчүн жасалган болушу мүмкүн.
Жарылуу болгон Рейханли шаарчасы Хатай провинциясында жайгашкан.
Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, бомбаланган эки унаанын жарылуусунан каза тапкандар арасында бир нече сириялык да бар.
Президент Асадга каршы козголоң тутанган 2011-жылдын мартынан бери чек арадагы Рейханли шаарчасына 300 миңден ашуун сириялык качкын ооп келген. (UE)