Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Тамактан ууланган окуучулар ооруканадан чыгышты

Кафеден ууланган Аксы районунун мектеп окуучулары үйүнө чыкты. Бул тууралуу Аксы районунун аким орун басары Зарипа Калматов билдирди. Анын айтымында, 7 окуучунун тең абалы жакшы.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун балдары 7-майда Шамалды-Сайга мелдешке барганда кафеден тамактанышкан. Абалы начарлаган окуучулар Аксынын ооруканасына жөнөтүлгөн болчу. Спорттук мелдешке барган балдар тамактанган “Улан” кафеси жабылып, ээсине 2000 сом айып салынган. (AKu)
XS
SM
MD
LG