Ош шаарында кылмыш жасаган аялдардын саны өстү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облус боюнча башкы башкармалыктын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Милициянын берген маалыматына ылайык, быйыл кылмыш кылган аялдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп.
Кылмышка шектелип кармалган аялдардын басымдуу бөлүгү 30 жашка чейинкилер. Алар майда кылмыштан ирилерине чейин аралашууда. Милициянын билдирүүсүндө, алдамчылыкка, мыйзамсыз адам иштетүүгө, адам өлтүрүүгө жана сексуалдык зомбулукка шектелип кармалгандар бар.
Эки ай мурда Ошто сексуалдык кызмат көрсөткөн 9 саунанын ээси кармалган, алардын баары аялдар. (SE)