Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Сириянын өкмөтү Түркиядагы кош жарылууга тиешеси болбогонун айтты


Рейханлиде жарылуу болгон жерлердин бири. 11-май, 2013-жыл.
Рейханлиде жарылуу болгон жерлердин бири. 11-май, 2013-жыл.
Башар Асаддын өкмөтүндө маалымат министри кызматын аркалаган Омран ал-Зохбинин ырастоосунда, Сирия “мындай аракеттерге эч убакта барбайт”.

Түркиянын Сирия чек арасына жакын жана сириялык качкындарга жык толгон Рейханли шаарчасында кечээги кош жарылуудан 40тан ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Түркия бийликтери жардыруулар үчүн Сирия президенти Башар Асадын режимине байланышы бар топтордон жана чалгын кызматтарынан шек санап жатат. Бул тууралуу түрк өкмөт башчысынын орун басары Бешир Аталай билдирди.

Түркия буга чейин Сирия оппозициясын колдоп, ал эми президент Асадды бийликтен кетүүгө чакырып келген.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркиядагы жардырууларды айыпташты. (UE)

XS
SM
MD
LG