Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

АФК кубогу: “Дордой” финалга чыкты


Бүгүн “Дордой” футбол клубу Азия футбол конфедерациясынын президенттик кубогунун мыктыларды тандоо мелдешинде Филиппиндин “Глобал” командасын 6-1 эсебинде утуп, өз тобунда биринчи болуп, мелдештин финалына жолдомо алды.

10-майда “дордойчулардын” атаандашы - Бутандын чемпиону “Йездин” командасы беттешип, аларды 9:0 эсебинде утуп, өз тобунда лидер болгон. Ага чейин 8-майдагы Пакистандын чемпиону “КРЛ” командасы менен алгачкы оюнда 1:1 эсебинде тең чыккан. Мелдештин жүрүшүндө "Дордойдун" чабуулчусу Мирлан Мурзаев каршылаштардын дарбазасына 9 топ киргизип, мелдештин “мыкты бомбардири” аталды.

АФКнын президентиин кубогуна мыктыларды тандоо туру 8-майдан бери Филиппиндердин Себу шаарында өтүп жатат. Мелдештин финалдык оюндары ушул жылдын күз айларында өтмөкчү.

"Дордой" клубу 2006-2007-жылдары Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG