Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

Пакистан: Шариф өкмөт түзүүгө киришти


Пакистандагы шайлоодо көпчүлүк добуш алган Мусулман лигасы партиясынын лидери Наваз Шариф жаңы өкмөттү түзүү аракетин баштады. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына ылайык, Шарифтин партиясы 342 орундуу парламенттин көпчүлүгүнө ээледи. Муну менен Наваз Шариф премьер-министрликке үчүнчү ирет келип жатат. Ал акыркы жолу 1999-жылы аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кетип, абакка да кесилген.

Бул шайлоо Пакистандын 66 жылдык тарыхында жарандык өкмөт алгач ирет өз бийлик мөөнөтүн толук иштеп бүткөндөн кийин өттү. АКШ президенти Барак Обама Кошмо Штаттар жаңы шайланган өкмөт менен “тең укуктуу өнөктөш” катары кызматташаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG