Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

ЖК комитети өкмөттөн отчет алуудан баш тартты


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн өкмөттүн отчетун угуудан баш тартты. Буга премьер-министр жана биринчи вице-премьер-министрдин келбей койгону себеп болду.

Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин 5 комитетинде отчет бермек. Андан кийин, отчет 15-майда парламенттин жалпы талкуусуна коюлмакчы.

Жантөрө Сатыбалдиев башындагы турган коалициялык өкмөт өткөн жылдын сентябрь айында куралган. Аны КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары түзгөн. Өкмөттүн бул курамы алгач ирет парламент алдында отчет бергени жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG