Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

HRW: Өзбекстанда адам укугунун абалы “өтө жаман”


"Хьюман Райтс Уотч" уюму Анжияндагы кыргындан сегиз жыл өткөндөн кийин да Өзбекстанда адам укугунун абалы “өтө жаман бойдон калууда” деп эсептейт.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан уюм 2005-жылдын 13-майында болгон булоонго байланыштуу жасаган билдирүүсүндө кыргын үчүн “эч ким жоопко тартылбаганы жана авторитардык президент Каримов көз карандысыз иликтөө өткөрүү жөнүндөгү чакырыктарды укпаганы” белгиленет жана “ошондон бери Өзбекстан дүйнөдөгү адам укугу эң жаман деген өлкө деген атагы дагы бекемделип жатканына” көңүл бурулат.

Сегиз жыл мурда бул күнү Анжияндын борбордук аянтына чогулуп, экстремист жана тыйуу салынган “Акрамия” уюмунун мүчөсү деп шектелип, абакка салынган ишкерди бошотууну талап кылган жүздөгөн адамдарга коопсуздук күчтөрү ок ачкан.

XS
SM
MD
LG