Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Ооганстанда минага кабылып, дагы 10 жаран өлдү


Ошондой эле 12 жаран жарадар болгону, апаат болгондордун арасында бир аял жана бир бала бар экени маалымдалды.

Кандагар провинциясынын полициясы жана жетекчилиги Аргистан районундагы бомба чабуулу үчүн талип козголоңчуларын күнөөлөдү. Полициянын маалымдашынча, минага кабылган адамдар эки күн мурда ушундай эле жолго коюлган бомбадан ажал тапкан эки кишинин тажиясына баратышкан экен.

Талиптер апрель айында президент Хамид Карзай башындагы өкмөткө каршы жылдагыдай эле “жайкы чабуулдарды” баштаганын жарыя кылган. НАТО башындагы эл аралык күчтөр 2014-жылдын аягына Ооганстандан чыгып кеткенге камданууда. Андан соң өлкөнүн коопсуздугун Ооган армиясы жана полициясы камсыздап калат.

XS
SM
MD
LG