Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:18

Ооган парламентинде коррупционер депутаттардын ысымы аталды


Ооганстандын финансы министри парламент депутаттары арасындагы жемсөөлүктү ашкере кылды.

Жалаң өз туугандарын кызматка коёт жана пара алат деп күнөөлөнүп, импичмент алдында турган финансы министри Умар Захилвалдын билдирүүсүн Ооган парламентинин өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү кол чаап, кабыл алышты. Бул тушта улуттук телеканал сессияны элге түз көрсөтүп жаткан.

Ишеним көрсөтпөө аракети ишке ашпай калгандан кийин Захилвал арак-шарап ичимдиктери, күйүүчү май жана автомобиль аткезчилигине аралашкан бир нече таасирлүү депутаттын ысымын атады, башка бир нече депутатты чет элдик ишкерлерден кирешелүү келишимди жана бекер үй талап кылат деп айыптады.

XS
SM
MD
LG