Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Жерүй боюнча конкурстун мөөнөтү узартылышы мүмкүн


Жерүй кенин иштетүү боюнча конкурска катышуу ниетин бир гана компания билдирди. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Ишимбай Чунуев кабарлады. Анын айтымында, конкурска документтерди кабыл алуунун акыркы күнү - 13-майда “Континент финанс” аттуу англиялык компания гана документтерин жиберген. Чунуев белгилегендей, аукциондун шартына ылайык, эки компания катышмайын кен боюнча аукцион өткөрүүгө болбойт. Ошондуктан өкмөт жана конкурсту өткөрүү боюнча комиссия кеңешип, анын мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү Жерүй кенинин наркын 300 миллион доллар деп баалаган. Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG