Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Сирия: АКШ менен Британия Асадга басымды күчөтөт


АКШнын президенти Барак Обама менен Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон Сириядагы Башар Асаддын режимин кулатуу үчүн биргелешип аракет көрүүнү макулдашышты. Бул тууралуу эки лидер дүйшөмбүдө Вашингтондо жолугушкандан кийинки маалымат жыйынында жарыялады.

Британ өкмөт башчысы Кэмерон Асаддын режимин кулатуу үчүн Британия сириялык козголоңчуларга кийинки жылы жардамды эки эсе көбөйтөөрүн убада кылды. Ошондой эле эки лидер Орусиянын Сирияда тынчтыкты орнотуу боюнча эл аралык конференция өткөрүү демилгесин колдоого алышты.

Жолугушууда Обама менен Кэмерон Жакынкы Чыгыштагы абалды, Евробиримдик менен АКШ ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишимди жана “Чоң сегиздиктин” кийинки айдагы саммити тууралуу да сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Кэмерон АКШга дүйшөмбүдө үч күндүк сапар менен келген. Ал сапарынын жүрүшүндө Бостонго барып, өткөн айда марафон учурундагы жарылуунун курмандыктарын эскермекчи.

XS
SM
MD
LG