Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Энелердин өлүмүн азайтуу чаралары талкууланат


Конференцияны БУУнун өнүктүрүү программасы жана Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети биргелешип уюштурууда. Анда БУУнун “Миң жылдыктын чакырыктары” программасынын алкагында энелердин өлүмүн азайтуу боюнча улуттук план талкууланат. Бул улуттук план БУУнун жана мамлекеттик органдардын катышуусу менен иштелип чыгып, анда бул тармактагы көйгөйлөр жана энелердин өлүмүн азайтуу үчүн көрүлчү чаралар тизмеленген.

Конференцияга өкмөттүн, парламенттин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.

Эл аралык уюмдардын эсептөөлөрү боюнча былтыр КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда энелердин өлүмү эң көп катталган. Былтыр 64 эне төрөттөн жана кош бойлуу кезинде каза тапкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG