Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Шаардык кеңештин депутаты акчалай айыпка жыгылды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Үмүткан Тыналиеваны 150 миң сом айыпка жыкты.

Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, соттук териштирүү учурунда шайлоо маалында пара берген деген Тыналиевага коюлган айып далилденген эмес. Анын ордуна "кылмыш жасоого аракет кылган" деген айып боюнча күнөөлүү деп табылды. Бирок райондук соттун мындай чечимине нааразы болгон Үмүткан Тыналиева да, кылмыш ишти ачкан прокуратура өкүлдөрү да шаардык сотко кайрылышарын билдиришти.

Үмүткан Тыналиева өткөн жылдын 25-ноябрындагы шаардык кеңештин шайлоосунда, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо үчүн Бишкектеги эки мектептин жана бир бала бакчанын жетекчилерине 90 миң сом пара берген деп айыпталган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG