Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Атамбаев Өнүктүрүү стратегиясын окубаган министрлерди сынга алды


Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бүгүнкү жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Өнүктүрүү стратегиясын окуп да койбогон өкмөт мүчөлөрү бар экенин айтып, сынга алды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге бул документте көрсөтүлгөн тапшырмаларды өкмөттүн ар бир мүчөсү аткаруусун көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ушул жылдын башында Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдарга белгиленген Өнүктүрүү стратегиясын кабыл алган. Анда беш жыл ичинде 70тей экономикалык долбоорду ишке ашырып, ички дүң өнүмдү эки эсе көтөрүү, айлык-акыны жогорулатуу, жакырчылыкты 12 пайызга кыскартуу каралган. Ошондой эле туруктуу экономикага жана саясий системага ээ мыйзамдуу, демократиялык өлкө куруу максаты бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG