Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш бүгүнкү жыйынында Шайлоо кодексин алымчалап-кошумчалоо тууралуу мыйзам долбоор даярдоо үчүн жумушчу топ түздү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, министрликтердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Жумушчу топко мыйзамды даярдоого 2014-жылдын июнь айына чейин убакыт чектелди.
Улуттук кеңештин бул жыйынында таза шайлоо өткөрүү маселелери талкууланып жатат. Кыргызстанда 2015-жылы парламенттик шайлоо өтөт. (EBM)
Улуттук кеңештин бул жыйынында таза шайлоо өткөрүү маселелери талкууланып жатат. Кыргызстанда 2015-жылы парламенттик шайлоо өтөт. (EBM)