Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Көз карандысыз экспертиза Батукаевдин дартын тастыктады


Саламаттыкты сактоо министрлиги Азиз Батукаевге коюлган диагнозду текшерген көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Батукаевдин ак кан оорусуна чалдыкканы анык. Буга чейин Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошогонун иликтеген депутаттык комиссия анын диагнозун аныктоо үчүн эксперттик топ түзгөн. Ал топ Батукаевдин айыккыс дартка чалдыкканы күмөн экенин билдирген.

Нарында абакта жаткан Батукаев апрель айынын башында оорусуна байланыштуу соттун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошоп, Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте жана коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жогорку Кеңеш атайын комиссия түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG