“Ош шамы” гезитинин журналисттери Назгүл Абдыразакова менен Сакчыбек Маматисаевдин үстүнөн жазылган арызды Ош шаардык соту эртең карайт. Аларды шаардык №41 балдар бакчасынын мурдагы башчысы Бактыгүл Сулайманова сотко берген.
Бул тууралуу “Азаттыкка” басылманын башкы редактору Тургунбай Алдакулов билдирди. Анын айтымында, гезиттин 5-апрель күнкү санында аты аталган журналисттер «Жоопкерчиликсиз жетекчилер, абайлагыла!» деген аталышта макала жазышкан. Анда Ош шаардык кеӊешинин депутаттары №41 бала бакчаны текшерип, одоно мыйзам бузууларды аныкташканы тууралуу айтылган. Гезиттин башкы редактору Тургунбай Алдакулов билдиргендей, гезитке макала депутаттардан куралган комиссиянын протоколу катары басылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сулайманова гезитке басылган макала адамдык абийирге шек келтирди деген кине менен журналисттерди сотко берген жана 50 сом төлөп берүүнү талап кылууда. Бактыгүл Сулайманова бул боюнча комментарий бере элек. (SE)