Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

ТИМ: Барымтадагы кыргыз жаранын куткаруу аракети уланууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков маалымдап, Кыргызстан тиешелүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдар менен тынымсыз сүйлөшүп жатканын билдирди. Буга чейин кыргыз жараны менен бирге барымтага түшкөн төрт түрк жараны бошогону маалымдалган.

22-апрелде эки учкуч айдаган тик учак он жүргүнчүсү менен Ооганстандын чыгышындагы талибдер көзөмөлдөгөн аймакка аба ырайынын катаал шартынан улам аргасыз конгон. Талибдер барымтага алгандардын ичинде кыргыз жараны, 47 жаштагы пилот Нурлан Конушбеков жана анын орусиялык кесиптеши, түркиялык сегиз инженер, ооган котормочу бар экени маалымдалган.

Ооган бийликтери туткундарды барымтадан бошотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Конушбеков боюнча окуяны өз көзөмөлүнө алып, чукул чара көрүүнү атайын кызматка тапшырган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG