Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Балыкчы - Жалал-Абад жолунун долбоору ЖККУга сунушталат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыныда өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган жол курулса, андан коңшу мамлекеттер да пайда табарын билдирди. Ага ылайык, бул жол аркылуу Өзбекстанды айланып өткөн Орусия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан каттамын уюштурууга болот. Эгер Кыргызстан менен Тажикстан Бажы биримдигине кирип калса жолдун мааниси артат. Атамбаев ушул жылы жолдун долбоорун Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бишкектеги жыйынында сунуш кылганы жатат.

Бүгүнкү жыйында Балыкчы - Жалал-Абад унаа жолуна 700 миллиондой доллар керектиги айтылды. Долбоорго ылайык, жол Балыкчы - Кочкор - Чаек - Көкөмерен-Казарман - Жалал-Абад аркылуу өтөт.

Азыр Балыкчы менен Жалал-Абаддын ортосу 748 чакырымды түзөт. Альтернативдүү жол курулса, узундук 300 чакырымга азаят. Андан сырткары кошумча жумушчу орундар түзүлөт жана жол аралап өткөн аймактар өнүгөт.

Кара жолго жанаша темир жол да куруу болжолдонууда. Бирок азырынча өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча жолду куруу качан башталары, керектүү каражат кайдан алынары маалым эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG