Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Спратлен: "Манас" боюнча расмий сүйлөшүү баштала элек


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Азаттыктагы” маегинде “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору тууралуу кыргыз бийлиги менен расмий сүйлөшүүлөрдү күтүп жатышканын, бирок андай сүйлөшүүлөр баштала электигин тастыктады. Транзиттик борбор турган 11 жылда кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөр боло келгенин, бул жолу деле ошондой сүйлөшүүлөр болорун белгиледи.

Элчи айым АКШ менен Кыргызстан ортосунда борбор тууралуу келишим жашыруун эместигин, ал элге ачыктыгын, аны менен ким кааласа АКШ элчилигинин вебсайтынан тааныша аларын айтты. Келишимдин аяктоо мөөнөтү – 2014-жылдын июль айы экенин, кыргыз президенти Атамбаев транзиттик борбор тууралуу позициясын ачык жана так билдирген белгиледи. Келечектеги эки жактын ич ара кызматташтыгы кандай нукта кетээри тууралуу сүйлөшүү абдан маанилүү экенине токтолду. (EBM)

XS
SM
MD
LG