Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Спратлен: Максим Бакиевдин ишинде далил жетишсиз болду


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен АКШда Максим Бакиевдин кылмыш ишинин токтотулушу боюнча комментарий берди.

“Кошмо Штаттардын юстиция системасында эң негизги нерсе – бул кынтыксыз далилдердин болушу. Жана жетиштүү далилдерди табуу өкмөт менен прокуратуранын мойнуна жүктөлгөн. Айныгыс далилдерди таап, айыпталып жаткан жакка каршы коюуга тийиш. Кээде далилдер өзгөрүп кетиши, кээде далилдер жоголуп же өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул окуяда далилдер башкача өнүгүүгө ээ болду. Ошондуктан ишти тергеп жаткан прокурорлор далилдердин тийиштүү деңгээлде жетишсиздигин түшүнгөндөн улам бул ишти токтотууга мажбур болушту. Кандай далилдер болду, кандай өнүктү – бул менин компетенцияма кирбегендиктен, толук жооп бере албайм.

Биз Кыргызстанда Максим Бакиевге кандай айыптар коюлуп жатканын жакшы билебиз. Бирок ага кылмыш иши АКШнын мыйзамдарын бузгандыгы боюнча ачылган.”, - деди элчи айым бүгүн “Азаттыктагы” маегинде. (EBM)

XS
SM
MD
LG