Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:18

Укук коргоочу Азимовду сабагандар кармалды


Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, укук коргоочуну сабады делген 27 жаштагы Бишкектин тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда анын шериктери изделип жатат.

Укук коргоочу Улугбек Азимовду 9-майда белгисиз адамдар сабап кеткен. Бул кол салууну укук коргоочулар Азимовдун кесиптик ишмердигине байланыштырган. Азимов Ички иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү жана көз карандысыз укуктук топтун эксперти, ошондой эле жакында эле кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун координациялык кеңешине төрага болуп дайындалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG