Орусиянын тышкы иштер министрлиги АКШнын борбордук чалгындоо кызматынын тыңчысы деп шектелген дипломат Фогл Райан Кристоферди тезинен өлкөдөн чыгып кетүүгө буюрду.
Орус тышкы саясат мекемесинин шейшембиде тараткан билдирүүсүндө “кансыз согуштун маалындагыдай мындай чагымчыл аракеттер эки өлкөнүн бири-бирине ишенимин арттырбайт” деп айтылган. Ага чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы АКШнын тыңчысы кармалганын маалымдаган. Маалыматка ылайык, АКШнын Москвадагы элчилигинин саясий бөлүмүнүн үчүнчү катчысы Кристофер орус коопсуздук кызматынын офицерин Американын борбордук чалгындоо кызматына тыңчы катары иштөөгө көндүрүү үчүн сүйлөшүп жатканда кармалган. Мамлекеттик департамент АКШнын Орусиядагы элчилигинин кызматкери кыска убакытка кармалып, кайра бошотулганын тастыктады.