Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Бажы биримдигине кирүүнүн келечеги талкууланат


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин пайдасы менен зыяны талкууланат. Талкууну Борбор Азиядагы эркин базар институту өткөрүүдө. Институттун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, талкууга орусиялык, казакстандык жана жергиликтүү ишкер, окумуштуулар, эксперттер катышат. Анда орусиялык жана казак эксперттери Бажы биримдиги түзүлгөндөн соңку бул өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөр тууралуу айтып бермекчи.

Бажы Биримдигине учурда Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Кыргыз бийликтери бул уюмга кирүүгө даярдыгын билдирип, ушул жылдын аягына чейин даярданууга убакыт сураган. Бирок коомчулукта Кыргызстан бул уюмга кирсе, баалар көтөрүлүп, Кытайдан алып сатуу менен алектеген миңдеген жарандар жабыр тартат деген пикирлер күч.(BkA)

XS
SM
MD
LG