Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Турганбаев: Аламүдүн базарынын жанында калайман уруш болгон жок


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев 14нөн 15не караган түнү Аламүдүн базарынын жанындагы окуя тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ага ылайык, базардын жанында жол кырсыгы болуп эки унаа кагышкан. Натыйжада бир кыз денесине анча чоң эмес жаракат алган. Ал кызга болушкан адамдар унаанын айдоочуларына кол салган. Милиция убагында жетип барып, урушту токтотуп калган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттар түнү базардын жанында уйгур тектүү жарандар менен кыргыз жаштар мушташканын, анда бир канча унаа оодарылганын жазып чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG