Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Жогорку Кеңеште үч депутаттык топ түзүлгөнү расмий жарыяланды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Хажимурат Коркмазов “Ата-Журт” фракциясынан чыккандар “Реформа үчүн” тобун түзгөнүн билдирди. Топко өзүнөн башка Роман Шин менен Нарынбек Молдобаев кирген.

Ошондой эле Канатбек Исаев “Республика” фракциясынан чыккан Шаршенбек Абдыкеримов, Элмира Жумалиева жана “Ата-Журттан” кошулган Бахадыр Сулейманов менен “Биримдик жана ынтымак” тобу куралганын айтты.

Депутат Бакыт Төрөбаев "Республика" фракциясынан шайланып келгендер Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров жана Абдуталип Режевалиев менен “Өнүгүү” тобуна бириккенин маалымдады.

Ушул жылдын башында Жогорку Кеңеш депутаттын макамы тууралуу мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоор кабыл алган. Ага ылайык, депутаттарга парламенттик фракциялардан чыгып, өз алдынча топторго кошулганга жол ачылган. Бул топтор өз кезегинде коалициялык азчылыкка же көпчүлүккө кире алат.

Бул мыйзамга андан кийин президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Жогорку Кеңештин азыркы курамында мындай мыйзам кабыл алынганга чейин эле фракциядан чыгып кеткен, депутаттык топ түзгөн учурлар болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG