Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Ош милициясы лимузин айдоочулары үчүн жыйын курду


25-май – акыркы коңгуроого карата мектеп окуучуларына айдоочулар кызмат көрсөтүшпөйт. Мындай чечим Ош шаардык ички иштер башкармалыгында лимузин жана башка кымбат унаалардын айдоочуларынын катышуусунда өткөн жыйында айтылды. Аны аткарбаган унаа ээлерине тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» башкармалыктын басма сөз катчысы Замир Сыдыков маалымдады.

Ош шаардык билим берүү жана Ички иштер башкармалыктарынын тийиштүү токтомдорунун негизинде, 25-май күнү шаар көчөлөрүндө акыркы коңгуроого байланышкан иш-чаралар өткөрүлбөйт. Мектеп окуучулары шаардан сырткары чыгып кетпөөсүн жол кайгуул күзөт кызматкерлери көзөмөлгө алат.

Өткөн жылы 25-май күнү бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки окуучу оор жаракат алган, аларды коштоп жүргөн эки жигит каза болгон. Ошто түрдүү үлпөттүк кечелерге кызмат кылган 30дан ашуун унаалар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG