Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Казакстанда "ислам экстремисттери" деп шектелгендер соттолууда


Астанада диний экстремист деп айыпталган алты жарандын соту башталды. Алар террорчу топту түзгөн, террордук аракеттерди жасаганга камданган, коопсуздук кызматтарынын адамдарын жана даражалуу чиновниктерди өлтүрүүнү мерчемдеген деп шектелүүдө.

Мамлекеттик айыптоочунун сот учурунда билдиргенине караганда, алтоо Казакстанда ислам халифатын курууну көздөгөн. Ошондой эле, Астанадагы Опера жана балет театрын жардырууну жана Түндүк Кавказдагы ислам козголоңчуларына акчалай жардам жиберүүнү пландаган.

XS
SM
MD
LG