Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Иранда ультра-эскичилдер байистүү талапкерлерге каршы


Иран парламентинин консервативдүү канаты 14-июнда болчу президенттик шайлоого эки таанымал талапкерди катыштырбоону талап кылып, Конституциянын сакчылары кеңешине кат жолдоду.

Жарым өкмөттүк Фарси жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, экс-президент Акбар Хашеми Рафсанжани менен президент Ахмадинежаддын администрация башчысы Эсфандияр Рахим Машаиге каршы катка 100дөй депутат кол койгон. Конституция сакчылары кеңеши келерки айда болчу президенттик шайлоого катышчу талапкерлердин тизмесин 21-майга карай жарыялаш керек.

Байистүү консерватор Рафсанжани менен Машаи Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейини пир туткан ашынган эскичил талапкерлердин негизги атаандашы саналат. Алар Машаини ислам башкаруусуна каршы турат деп күнөөлөшкөн жана анын талапкерлигин Аятолла Али Хаменейини жактырган эмес.

XS
SM
MD
LG