Кыргыз парламенти кийинки жылдын январь айына чейин “Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуу борборун жайгаштыруу боюнча келишимди бузушу керек.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин эл аралык укуктук департаментинин башчысы Эмил Кайкиев билдирди. Анын айтымында, АКШ менен түзүлгөн келишимге ылайык, 2014-жылдын январь айына чейин кыргыз өкмөтү аталган келишимди бузуучу мыйзам долбоорун даярдап, аны Жогорку Кеңеш ратификациялап, президент кол коюшу керек. Андан соң долбоор негизинде АКШ тарапка борбор боюнча келишим узартылбай турганын билдирүү керек. Кайкиевдин айтымында, учурда келишимди бузуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыга элек.
Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн колдонулуп келаткан транзиттик борбор боюнча келишимдин мөөнөтү узартылбай турганын билдирип келет. Бирок АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Азаттыктагы” маегинде, “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору тууралуу кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр болоорун маалымдаган.(BkA)