Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон менен Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү башкы дипломаты Саед Жалили Стамбулда жолукту.
Тараптар Ирандын өзөктүк курал өндүрүшүн токтотуу боюнча шарттарды талкуулашты. Өзөктүк программа боюнча Америка Кошмо Штаттары, Франция, Британия, Германия, Орусия жана Кытай кирген алты держава менен Ирандын көз караштары бири-бирине дал келбей жатат. Аталган өлкөлөр Иранга салынган санкцияларды алып салуу үчүн уранды байытууну токтотууга чакырып келет. Бирок Иран мындай сунушка көнбөй жатат.
Буга чейин Вена шаарында БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭнин) жана Ирандын өкүлдөрү жолугуп, өзөктүк программа тууралуу изилдөөлөрдү баштоо боюнча мунасага келе алышкан эмес.