Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Жалал-Абад: МАИчилердин 25 пайызы аттестациядан өтпөй калды


Аттестациялык-сынак комиссиясынын мүчөсү, укук коргоочу Калича Умуралиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Жалал-Абад облусундагы Жол-кайгуул кызматынын 47 өкүлү аттестацияга киргизилген жок. Буга ички иштер министринин 8-майдагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган МАИчилердин санын кыскартуу тууралуу буйругу негиз болгон. Ал эми булардан башка 43 кызматкердин 11и сынактан өтпөй калды.

Учурда МАИ кызматкерлерин аттестациялоо уланып жатат. Иргеп алуу алгач Нарын менен Көлдө өтүп, анда МАИчилердин 30, ал эми Баткенде 40тан ашыгы, Ош облусунда болсо 26 пайызы өтпөй калган.

ИИМ Жол-кайгуул кызматындагы бош орундар үчүн сынак жарыялаган. Сынакка катышкандар жол коопсуздугунун эрежелери, нормативдик-укуктук актылар боюнча тесттен мурун дене-тарбия даярдыгы боюнча норматив тапшырат. Андан өткөндөр баарлашууга барат. (EBM)

XS
SM
MD
LG