Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

АКШ элчилиги алдында Максим Бакиев боюнча митинг өттү


Бүгүн “Мекен шейиттери”, “Апрель байрагы” жана “Айкөл Ала-Тоо” уюмдарынын 70 чакты өкүлү АКШнын Кыргызстандыгы элчилигинин алдында митинг өткөрдү.

Алар АКШда Максим Бакиевге каршы козголгон кылмыш иштин токтотулушуна нааразы болушту. Вашингтон эки өлкөнүн 20 жылдык дипломатиялык кызматташтыгынан улам өлкөсүндө оор айып тагылган адамды кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүүгө жардамдашса болмок деген доосун айтышты. Чогулгандарга элчиликтин коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Кристиан Райт чыгып, токтотулган кылмыш иши АКШга гана байланыштуу болгонун айтып, далилдердин жетишсиздигинен токтотулганын белгиледи.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Максим Бакиев боюнча түшүндүрмө сурап АКШга кайрылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG