Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Министрлик депутаттын кутурма тууралуу билдирүүсүн четке какты


Саламаттык сактоо министрлиги Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Назарали Ариповдун өлкөдө кутурма оорусу көбөйүп жатат деген билдирүүсүн четке какты. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат 2011-жылы 27, ал эми 2012-жылы 28 адам кутурмага кабылган деп билдирген.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул оорунун адамга жукканы боюнча 2011-жылы Баткенде эки, 2012-жылы Ош облусунда 1 эле учур катталган.(EBM)

XS
SM
MD
LG