Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Чоң-Алайдын акими сабалганы тууралуу милицияга арыз жазды


Чоң-Алайдын акими Абдилазиз Ашыралиев кечээ Кара-Казык кенин иштетүүгө каршы чыккандар аны сабап салганы тууралуу милицияга арыз жазды. Учурда алган жаракатына байланыштуу ооруканада жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, арыз кылмыш китепчесине катталды, ушул тушта тергеп-иликтөө башталды. (EBM)

XS
SM
MD
LG