Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Кабулда жанкечтинин жардыруусунан 6 киши өлдү


Кабулда чет өлкөлүк аскерлердин кербенине болгон кол салуудан карапайым 6 киши окко учту, кеминде 35 киши жараланды.

Ооган баш калаасынын полициясынан маалымдашкандай, жардыруудан бир нече имарат жабыркады. НАТО жетектеген бейпилдик күчтөрүнүн маалымат өкүлү Квентон Рерихт бүгүн эртең менен Кабулда коалициянын кербени бараткан учурда жарылуу болгонун тастыктады. Айрым кабарларга караганда, жан кечти ишке ашырган теракт үчүн жоопкерчиликти белгилүү талаа командири Гулбеддин Хекматиярдын “Хизб-е Ислами” тобу алды.

Кабул соңку жолу мындай ири кол салууга 9-мартта туш болгон. Анда жан кечти бомбасын Коргоо министрлигинин жанында жардырган. Бул маалда Пентагондун башчысы Чак Хейгел Ооганстанда сапарда жүргөн. Теракттан 9 киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG