Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Обама менен Эрдоган Сирия кризисин талкуулашат


АКШ президенти Барак Обама бүгүн Ак үйдө Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоганды кабыл алат.

Сүйлөшүүлөрдө биринчи кезекте Сириядагы жаңжал кеп болмокчу. Бир нече күн мурун Сирия чек арасына жакын жердеги Рейханлы шаарында кош жардыруу болуп, Анкара ал үчүн кошуна өлкөнүн атайын кызматын айыптаган. Эрдоган Сирия президенти Башар Асадды бийликтен кетирүү үчүн чечкиндүү чараларды жактайт жана АКШга бул жаатта кысым жасайт деп күтүлүүдө. Вашингтон болсо түрк премьери Орусиянын катышуусунда Сирия боюнча тынчтык конференциясын өткөрүү демилгесин колдойт деп үмүттөнөт.

Ак үйдөгү кездешүүдө ошондой эле бир катар башка регионалдык маселелер – Израил-Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрү, Ирактын Күрт автономиясы менен энергетика тармагындагы байланыштары, Кипрдин болжолдуу кайра биригүүсү талкууланат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG