Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

“Кайди”: Кара-Казыкты казууга 2015-жылга чейин уруксат бар


Чоң-Алайда Кара-Казык кенин казып жаткан кытайлык “Кайди” компаниясынын алтын байытуучу фабрикасынын жетекчиси Мамажунус Сейданов аталган компания мыйзамсыз иштеп жатат деген дооматтарды четке какты.

Сейданов “Азаттыктагы” маегинде, “Кайдинин” 2015-жылга чейин лицензиясы бар экенин, айрым объекттерди куруу боюнча ал лицензия 3 айга гана убактылуу токтотулганын билдирди. “Кайди” төрт жылдан бери жергиликтүү казынага 28 миллион сом салык төккөнүн, кенге жакын айылдардын социалдык маселелерин чечүүгө 56 миллиондой сом коротулганын кошумчалады.

“Элдин негизи бизге дооматы деле жок, иштей берсин дейт. Бирок аларды бузган бир топ бар. Казып алган 24 миң тоннадай алтыны элене элек тегибиз бар эле. Ошону былтыр жергиликтүү эл өткөрбөй койгонуна байланыштуу токой чарбанын жерине убактылуу төгүп турганбыз. Экологиялык техникалык инспециядан, облустун жетекчилеринен ошону ташып алууга уруксат алганбыз. Ошол алтыны элене элек текти 15-майда ташып алалы десек 50-60тай адам чогулуп, милицияга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да баш бербей, унаага жүктөлгөн жеринен кайра төктүрүп салды”, - деди Сейданов.

Чоң-Алайда өткөн бүгүнкү кошмо жыйында "кытайлык компания мыйзамсыз иштейт, экологияга зыян келтирүүдө" деген доомат менен анын иштешин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынды. (EBM)

XS
SM
MD
LG