Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Грузиянын Патриархы гейлердин парадына тыюу салууга үндөдү


Грузиянын Православ чиркөөсү бийликти кумсалардын Тбилисидеги демонстрациясына тыюу салууга үндөдү. Грузия Патриархы Илия Экинчи кумсалыкты “аномалия жана оору” деп сыпаттады жана гейлердин парады грузин салттарына “акаарат” келтирет деди. Сексуалдык азчылыктардын укуктарын коргогон уюмдар жума күнү Гомофобияга каршы эл аралык күндүн урматына жүрүш жасоону пландашууда.

Ашынган эскичил православдар антидемонстрацияга чыгабыз деп, гейлердин иш-чарасын үзгүлтүккө учуратышаарын эскертишти. Тбилиси мэриясы жүрүш өткөрүү адамдардын конституциялык укугу, аны өткөрүүгө уруксат талап кылынбайт деп билдирди. Ички иштер министрлигине гей активисттерди демонстрация маалында коргоо тапшырылды.

XS
SM
MD
LG