Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Дэвид Бэкхем футбол карьерасын аяктоодо


Англиялык футболист Дэвид Бэкхем сезондун аягында чоң футболдон кетээрин билдирди. Бейшембиде 38 жаштагы футболист: “Карьерамды азыр, жогорку деңгээлде ойноп жатканда аяктоо туура деп эсептейм”, - деди. Англия улуттук командасынын мурдагы капитаны январда Франциянын Пари Сен Жермен клубу менен 5 айлык келишимге кол коюп, бүтүндөй айлыгын балдар соопчулугуна которгон. 20 жылдык карьерасында Бэкхем 19 трофей жеңген – 10 жолу Премьер Лиганын чемпиону болгон жана 4 башка өлкөнүн биринчилигин жеңген англиялык жападан жалгыз футболист. Ал Реал Мадрид, Манчестер Юнайтед, Лос Анжелест Гэлэкси жана Пари Сен Жерменде ойногон. Бэкхем Англия улуттук командасынын курамында 115 ирет ар кандай мелдештерге катышып, рекорд койгон.

XS
SM
MD
LG