Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Өкмөт бүгүн КСДП фракциясына отчет берет


Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясына отчет беришет. Буга чейин өкмөттүн отчету парламент комитеттеринде каралган. Өкмөт отчету парламенттеги фракциялар, коалициялык азчылык жана көпчүлүк сынынан өткөндөн кийин, соңку аптада өтчү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмакчы.

Жантөрө Сатыбалдиев башында турган коалициялык өкмөт өткөн жылдын сентябрь айында куралган. Аны КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары түзгөн. Бул өкмөттүн курамы түзүлгөндөн бери алгач ирет парламент алдында отчет бергени жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG