Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Атамбаев: энелерди аздектөө салтын сактап жайылтуу керек


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата салтанаттуу иш-чарага катышты. Анда ошондой эле “Достук кербени” телесынактын жыйынтыгы чыгарылды. Атамбаев үй-бүлөнүн түркүгү энелер болорун, Кыргызстан эчен кыйын кезеңдерди энелердин сабырдуулугу жана эмгекчилдиги менен жеңгенин белгиледи. Энелерди аздектеген салтты сактап жайылтуу керектигин айтты. “Баатыр эне” деген сыйлыктар берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Былтыртан тарта президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда Энелер күнү май айынын ар үчүнчү жекшембисинде белгиленип жатат. Бул ирээт 19-майга туш келди. (EBM)

XS
SM
MD
LG